Ооганстанда суук аба ырайынын кесепети

Суук аба ырайы 27 баланын каза болушуна себепчи болду

659756
Ооганстанда суук аба ырайынын кесепети

Ооганстандын түндүгүндө бир канча күндөн бери жааган кар жана суук аба ырайы акыркы эки жуманын ичинде 27 баланын каза болушуна себепчи болду.

Жаузжан аймагындагы Дерзаб жергесинин губернетору Рахметуллах Хашар райондо кардын калыңдыгы болжол менен бир мерге чейин жеткенин жана көптөгөн айылда жолдордун жабылып калганын, аймакта медициналык тейлөөнүн да жетишсиз экенин белгиледи.

Каза болгон балдардын 5 жашка чейинкилер экенин айткан Рахметуллах Хашар айрым балдардын да суук абанын айынан ооруп калгандарын сөз кылды.



Тектеш кабарлар