Астана сүйлөшүүлөрү Женева сүйлөшүүлөрү үчүн негиз боло алат
Орусиянын лидери : «Орток аракеттерибиздин саясында процесс абдан маанилүү болгон ок атышпоолор чечиминин негизинде алдыга жылууну улантууда»,- деди
Орусиянын президенти В. Путин Астана сүйлөшүүлөрүнүн Женева сүйлөшүүлөрү үчүн мыкты бир пайдубал болорун ойлошкондорун айтты.
Иорданиянын королу 2 - Абдуллах менен өткөргөн сүйлөшүүдө Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлгөн Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу сөз сүйлөгөн Путин : «Катышуучулардын Сирия кризисинде аскердик чечүүчү жолдун мүмкүн эмес экендигин белгилөөсү абдан маанилүү»,- деди.
Король Абадуллахка да Астана процессине берген колдоодон улам рахмат айткан Орусиянын лидери : «Орток аракеттерибиздин саясында процесс абдан маанилүү болгон ок атышпоолор чечиминин негизинде алдыга жылууну улантууда»,- деди.
Король Абдуллах да Орусиянын Сирия кризисинде жана башка аймактык маселелерде белгилөөчү ролго ээ экендигин баса белгиледи. Иордания королу : «Астана процессине толук колдоо беребиз. Орусиянын процесстеги ролу жана катышуунун саясында бардык сириялыктардын орток келечекке ээ болорун ойлоп жатабыз»,- деди.