Орусия, Түркия жана Иранга ырахмат

БУУ үч тараптуу механизмге жардам көрсөтүүгө даяр

658503
Орусия, Түркия жана Иранга ырахмат

Казакстандын борбор шаары Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнөн чыккан жыйынтыкка баа берген БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стеффан де Мистура Орусия, Түркия жана Иранга ырахмат айтты.

Де Мистура ок атышпоолордун текшерилиши үчүн түзүлгөн үч тараптуу механизмге жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин да билдирди.

Стеффан де Мистура Казакстандын борбор шаары Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн аякташы жана кепил өлкөлөр Орусия, Түркия жана Иран кабыл алган биргелешкен декларациядан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Де Мистура саясий диалогдун Астанадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Женевада улануусу керектигин да сөз кылды.



Тектеш кабарлар