Орусия Түркия жана Иран менен болгон кызматташтыгын кеңейтүүдө

Лавров Думада өткөрүлгөн жалпы отурумда билдирди

658857
Орусия Түркия жана Иран менен болгон кызматташтыгын кеңейтүүдө

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркия жана Иран менен Сирия темасында кызматташтыгын кеңейткендерин айтты.

Орус Парламентинин астыңкы баскычы Думада өткөрүлгөн жалпы отурумда Лавров: «Сирия кризисинин орчундуу маселелеринин чечилүүсүнө карата Түркия, Иран жана берки аймактык өлкөлөр менен болгон кызматташтыгыбызды кеңейтип жатабыз»,-деди.

Лавров сөзүн мындайча улады: «Алгач Коргоо министрликтери аркылуу координациялуу аракеттердин негизинде Халеб шаары радикалдуу топтордон кутулду, андан соң 29-декабрда келишимдин алкагында ок атышпоо режими камсыздалды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар