Италиядагы кар көчкү кырсыгынын кесепети

Кырсыктан каза тапкандардын саны 24кө жетти

658970
Италиядагы кар көчкү кырсыгынын кесепети

Издеп-куткаруучу топтор көчкүнүн астында калган отелдин урандысынан дагы 5 кишинин сөөгүн чыгарды.

Ушундайча кырсыктан каза тапкандардын саны 24кө жетти.

Италияда болгон жер титирөөдөн кийин Абруццо аймагындагы тоодо жайгашкан отелди кар көчкү басып калган болчу.

Көчкүнүн астында калган 40 кишиден 11и аман-эсен куткарылса, дайынсыз 6 киши үчүн издеп-куткаруу иштери уланып жатат.

Пескара аймагынын прокурорлору буга байланыштуу териштирүү жүргүзүшүүдө.


Этикеткалар: #кар көчкү , #Италияда

Тектеш кабарлар