Кытайда экинчи жолу үйлөнгөндөрдүн той өткөрүүсүнө тыюу салынды

Тыюу салуунун максаты ысырапкерчилкти алдына алуу

655088
Кытайда экинчи жолу үйлөнгөндөрдүн той өткөрүүсүнө тыюу салынды

Кытайда экинчи жолу үйлөнгөндөрдүн той өткөрүшүнө ысырапкерчиликти алдына алуу үчүн тыюу салынды. Guizhou Evening Post Каили шаарынын жетекчилеринин маалыматы боюнча берген кабарда аймакта мындан кийин жаназалар жана биринчи жолу турмуш кургандар үчүн гана аземдердин өткөрүлө алары белгиленди.

Ошол эле учурда бир той үчүн бирден көп жолу майрамдоо жана ар башка жерлердин колдонулушуна да тыюу салынды.

Келин менен күйөө баланын той өткөрүү үчүн андан мурда той өткөрбөгөндүгү тууралуу документ даярдап жана тийиштүү жерлерге кайрылып каттоодон өтүүлөрү керек. Тыюу салуунун негизинде жетекчилер тийиштүү департаментке кенен маалымат бербестен тойлорду текшерүүгө ала албайт.

Жаназа ээлерине да жаназа зыйнатына байланыштуу чыгымдарды эң кеч 10 күндүн ичинде билдирүү мажбурдуулугу киргизилди. Бул тыюу салуу Кытайдын Weibo социалдык бөлүшүү сайты талкууларга себеп болду. Кээ бир колдонуучулар Гуизхоу аймагынын Каили сыяктуу бай шаарлары менен элет жерлеринин ортосундагы байлык ажырымынан улам тыюу салууну колдосо, кээ бирлери да бул тыюу салуунун бир гана коррупцияны колдонгон жетекчилер үчүн колдонулушу керектигин жактап жатат.



Тектеш кабарлар