Йеменде кагылышуу

Кол салууда 9 киши каза болуп, 7 киши жараланды

654863
Йеменде кагылышуу

Йеменде хусилер менен аларга жардам берген кулатылган президент Али Абдуллах Салих жактоочуларынын Таиз шаарында жарандарга карата кол салуусунда 9 киши каза болуп, 7 киши жараланды.

Йеменде көз карандысыз укукмекемеси болгон Жергиликтүү байкоо тармагы хусилер жана Салих жактоочуларынын Таиздин батыш жагындагы Нур мааласына миномет атуу менен кол салуу жасагандыгын билдирди.

Маалыматта 9 кишинин каза болгондугу, 7 кишинин абалынын оор экендиги баса белгиленди. Йеменде узун убакыттан бери башкарууну жактаган күчтөр менен хуси жана Салих жактоочуларынын ортосунда кагылышуулар болуп жаткан.

Хусилер менен Салих жактоочулары кээ кээде жарандык отурукташуу жерлерине минометтор менен кол салууда.



Тектеш кабарлар