Сот Санафир жана Тиран аралдарынын Сауд Аравияга берилишин четке какты

Сауд Арабстан болсо аралдардын өзүнө таандык экендигин, 1950 -  жылы коргоого алынышы үчүн Египеттин текшерүүсү астына калтыргандыгын ортого салды

653016
Сот Санафир жана Тиран аралдарынын Сауд Аравияга берилишин четке какты

Египет Жогорку Башкаруу Соту  Кызыл деңиздеги Санафир жана Тиран аралдарынын Сауд Аравияга берилишин четке какты. Сот Санафир жана Тиран аралдарынын Египетке таандык экендигин, өкмөттүн мунун тескерисин далилдей турган документ сунуштай албагандыгын билдирди.

Сот астыңкы соттун чыгарган «аралдардын Сауд Арабстанга берүү чечими укук тышы» чечиминин туура экендигин баса белгиледи. Сисинин бул чечимди Конституциялык сотко алып барышы күтүлүүдө. Аралдардын Сауд Арабстанга берилиши  тууралуу мыйзам долбоору азыр да Египет парламентинин бекитүүсүн күтүп жаткан. Сиси өткөн жылы Сауд Арабстан менен аралдардын берилиши тууралуу жардам үчүн келишкен болчу. Бирок Сириянын айынан Рияд менен Каир ортосундагы карым – катнаштар бузулуп, Сауд Арабстан 1 -  октябрда Египетте рафинерия нефть өткөрүүнү токтоткон болчу.

Сауд Арабстан болсо аралдардын өзүнө таандык экендигин, 1950 -  жылы коргоого алынышы үчүн Египеттин текшерүүсү астына калтыргандыгын ортого салды.



Тектеш кабарлар