Марк Тонер чатактуу сөзүн кайра кайталады

Тонер Сирияда болгон кагылышуулардын соңуна чыгарылышы үчүн бардык тараптардын үнү угулушу керектиги жөнүндөгү сөздөрүн кайталады.

650629
Марк Тонер чатактуу сөзүн кайра кайталады

 Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Марк Тонер, жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнын, бул өлкөдө «узун мөөнөттө тынчтык камсыздалышы үчүн» ыктымалдуу сүйлөшүүдө орун алышы керектигин кайталады.

Тонер күнүмдүк маалымат жыйынында Сирияда болгон кагылышуулардын соңуна чыгарылышы үчүн бардык тараптардын үнү угулушу керектиги жөнүндөгү сөздөрүн кайталады.

Бул темада шейшемби күнү айткан сөздөрү туурасында абдан көп сереп салынганын белгилеген Тонер: «Сриядагы кризистин чечилиши үчүн саясий чечим табууну издөө керектигин көптөн бери айтып келдик. Бул, сириялыктар башкарган жана өкүлдүгү жогору, тынчтык жана ынтымакка багытталган процесс болушу керек. Шейшемби күнү айткан сөздөрүм да ушул тууралуу айтылган болчу. БУУнун коопсуздук кеңешинин 2254 номердүү токтому, ачык түрдө Сирия калкынын өз келечегине өзү чечим чыгарышы керектигин айтууда»,-деди.

Сириялык күрттөр, арабдар жана түркмөндөр менен кошо бүтүндөй сириялыктардын бул процессте сөзү угулушу керектигин ойлогондорун айткан Марк Тонер: «Сөздөрүм кимдин үстөлдө боло турганы туурасында же Женева сүйлөшүүлөрүнүн токтогон жеринен уланышы жөнүндө эмес эле»,-деп айтты.

Тонер шейшемби күнкү маалымат жыйынында террор уюму ПЙДга шилтеме кылып, «Сириялык күрттөр да бул процесске кошулушу керек. ПЙД аянтта өкүлдүгү болгон топ. Сириядагы узун мөөнөттүү чечим табууну издөөлөрдө үндөрүнүн угулушу керек»,-деп айткан болчу.



Тектеш кабарлар