Согуштан жапа чеккен балдар

Йеменде кеминде 1 миң 400 бала каза болду.

649611
Согуштан жапа чеккен балдар

Йеменде башкарууну колго алган хусилер жана бийликтен кулатылган президент Али Абдуллах Салихтин жактоочулары менен өкмөт күчтөрүнүн ортосунда эки жылдан бери уланып келе жаткан кагылышуулардан кеминде 1 миң 400 бала каза болду.

БУУнун Балдарга жардам фонду ЮНИСЕФтин көрсөткүчтөрүнө караганда, 2015-жылдын март айынан бери уланып келе жаткан кагылышуулардан 2 миң 400дөн ашуун бала да жаракат алды.

Өлкөдө айрыкча 7 миллион бала медициналык тейлөөгө муктаж, 14 миллиондон ашууну болсо таза сууга жете албай жатат.

Бир миллион 700 миң бала болсо жетиштүү азыктанбайт.

Билим берүү жагынан алып караганда өлкөдөгү согуш шарттарында орто эсеп менен 2 миң мектеп жарактан чыгып калган.



Тектеш кабарлар