Орусия АКШнын күнөөлөөлөрүн четке какты

Песков, Москванын же расмий Орусия мекемелеринин кибердик чабуул кылганы жөнүндөгү айтымдарды четке какты.

647698
Орусия АКШнын күнөөлөөлөрүн четке какты

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков, АКШнын чалгындоо кызматынын 8-ноябрдагы президенттик шайлоолоруна Орусиянын кибердик чабуул менен кийлигишкени жөнүндө тыянакты камтыган отчетунда «негизсиз жана үйрөнчүктөй» күнөөлөөлөр орун алганын айтты.

Песков, Москванын же расмий Орусия мекемелеринин кибердик чабуул кылганы жөнүндөгү айтымдарды четке какты.

Песков: «Америкалык кесиптештердин ар кандай убактарда «шайтан аңчылыгына» чыкканын билебиз. Бул ар кайсы убакта болгон шайтан аңчылыктарын алар кийин адистешкен кызматкерлер менен алмаштырганын да билебиз»,-деди.

АКШнын чалгындоо кызматынын «жогорку деңгээлде ишенгендери» жөнүндө баа берүүсүн камтыган кибердик чабуул отчетунун «негизсиз» экендигин белгилеген Песков: «Жарыяланган отчет мазмуну жагынан сереп салууга ылайык эмес. Биз тараптан кескин түрдө эч нерсе менен тиешеси болбогон айтымдарды үйрөнчүктөй жана сезим менен айтылган деңгээлде угуп жатабыз. Бул абал, абдан профессионалдуу түрдө иштеген чалгындоо кызматтарына ылайыктуу эмес»,-деди.



Тектеш кабарлар