АКШ Усаме Бин Ладендин уулу Хамза Бин Ладенди террор тизмесине алды
Усаме Бин Ладендин өлүмүнөн кийин Аль Каиданын лидерлигине Еймен Ел Зевахири өткөн
АКШ террордук уюм Аль Каиданын 2011 - жылы Пакистанда өлтүрүлгөн Усама Бин Ладендин уулу Хамза Бин Ладенди глобалдык террористтер тизмесине алды.
АКШнын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Хамза Бин Ладендин АКШнын улуттук коопсуздугу, тышкы саясаты жана экономикасын коркуткандыгы үчүн бул тизмеге киргизилгендигин билирди.
Бин Ладендин мал - мүлкүнүн тоңдурулгандыгы белгиленген маалыматта Америка жарандарынын да бул киши менен кызматташтык түзүүсүнө тыюу салынгандыгы белгиленди. Маалыматта 2015 - жылдын август айында Аль Каида лидерлеринен Айман ел – Завахиринин Хамза Бин Ладенди уюмдун жогорку мартабалуу ысымдарынын бирөөсү катары тааныткандыгы белгиленди.
Усаме Бин Ладен жана Каириах Сабардын уулу болгон Хамза ата энеси 2011 - жылы Пакистанда колго түшүрүлгөн учурда үйдө жок болчу.
Усаме Бин Ладендин өлүмүнөн кийин Аль Каиданын лидерлигине Еймен Ел Зевахири өткөн.
Жакынкы Чыгыш саясаттары боюнча адис профессор Фаваз Гергес август аме Бин Ладендин өлүмүнөн кийин Аль Каиданын лидерлигине Еймен Ел Зевахири өткөн.йында Хамза Бин Ладен тууралуу : «Аль Каиданын жаңы жүзү - харизмалуу жана уюмдун ичинде популярдуу. Атасынын эң жакшы көргөн уулу – баары атасынын ордуна анын келе аларын ойлоп жатат»,- деген.
Аль Каиданын 2015 - жылы жарыяланган үнүндө Хамзанын Кабул, Багдат жана Газадагы жактоочуларын Вашингтон, Лондон, Париж жана Тель Авивде кол салууларды жасоого чакыргандыгы угулуп жаткан.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.