Трамптын шек саноолору

Дональд Трамп, чалгындоо кызматынын Демократ парияга карай хакердик чабуулдарынын аракасында Орусиянын болушу мүмкүн экендиги жөнүндөгү айтымдарынан шек санаганын кайталады.

645105
Трамптын шек саноолору

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп, чалгындоо кызматынын Демократ парияга карай хакердик чабуулдарынын аракасында Орусиянын болушу мүмкүн экендиги жөнүндөгү айтымдарынан шек санаганын кайталады.

Твиттер эсебинен бөлүшкөн маалыматында Викиликстин куруучусу Жулиан Ассанждын твиитин бөлүшкөн Трамп: «Жулиан Ассанж Подестаны (Хиллари Клинтондун шайлоо өнөктүгү боюнча жооптуусу) 14 жаштагы бир баланын сындырган болушу мүмкүн экенин айткан. Демократиялык улуттук комитет эмне үчүн мынчалык көңүл бурбайт? Ассанж маалыматтарды өзүнө Орусиянын бербегенин да айтты»,-деди.

Трамп, чалгындоо кызматтары менен бул темада өткөрүүнү пландаган жыйналыштын жума күнгө жылдырылганын да жарыялады.

Твиттер эсебинде бул темага байланыштуу өз маалыматын бөлүшкөн Трамп, «Жашыруун кызмат» сөзүн тырмак ичине алып Орус хакер чабуулдарын да «жалган» түрүндө мүнөздөдү.

Бирок АКШ медиасында орун алган кабарларга караганда, жыйналыштын мындан мурда өткөрүлүшү пландалган эмес. Викиликс шайлоо өнөктүгү мезгилинде Демократтарга таандык миңдеген э-почтаны ачыкка чыгарган. Бул каттардын арасында Демократиялык улуттук комитеттин башкаруу кеңеши менен Хиллари Клинтондун шайлоо өнөктүгү боюнча жооптуу Жон Подестанын каттары да бар.

АКШнын чалгындоо кызматтары жана президент Обама хакердик кол салуулардын аркасында Орусия турганын айткан.

Викиликстин куруучусу Ассанж болсо хакердик кол салуулардын аркасында орус өкмөтүнүн турганы жөнүндө айтымдарды артка кайтарган. Москва дагы бул айтымдарды четке кагууда.

Бир тараптан айрым Республикачыл саясатчылар болсо Трамптын Ассанждан алыс турушун талап кылууда. Өкүлдөр палатасынын төрагасы Пол Райан, Ассанждын Орусиянын кызматында болгонун айтып, «Маалыматтарды уурдап жатат, улуттук коопсуздукту коркунучка салууда»,-деди.

Викиликстин куруучусу Австралиянын жараны Жулиан Ассанж 2012-жылы Лондондогу Эквадор элчилигине баш калкалаган.



Тектеш кабарлар