Малайзияда сел жүрүүдө

Аймактан 19 миң киши чыгарылды

644293
Малайзияда сел жүрүүдө

Малайзияда катуу жамгыр жаашынын айынан пайда болгон селдерден улам эң аз 19 миң киши аймактан чыгарылды. Жетекчилер берген маалыматында өлкөнүн түндүк – чыгышында таасирин күчөткөн муссон жамгырларынан улам 19 миңден ашуун кишинин аймактан чыгарылгандыгын белгиледи.

Муссон жамгырлары таасирдүү болгон Теренггану жана Келантан аймактарында азыркы учурга чейин жан жоготуунун болбогондугун белгилеген жетекчилер, мектептердин убактылуу жабылгандыгын билдиришти.

Малайзияда 2014 -  жылдын акырларында таасирдүү болгон селдерде 250 миңден ашуун киши аймактан чыгарылган болчу. Тропикалык муунда жайгашкан Малайзияда жыл сайын жамгыр сезонунда бат  - бат сел апааты болуп турат.



Тектеш кабарлар