Францияда 945 унаа өрттөлдү

Жалпы Францияда жаңы жыл үчүн өрттөлгөн унаа санынын 945ке жеткендиги билдирилди

642988
Францияда 945 унаа өрттөлдү

Франциянын ички иштер министрлигинен берилген маалыматта жаңы жыл кечесинде өрттөнгөн унаалардын саны өткөн жылга караганда 17 пайызга артып 945ке жеткендиги белгиленди. Жаңы жыл кечесинде полицияга кол салган жана күч колдонуп коомчулуктун тынчын  бузган 454 кишинин кармалгандыгы тууралуу маалыматты да бөлүшкөн министрлик 301 кишинин да камоого алынып укуктук процесстин баштатылгандыгын белгиледи.

Францияда жаңы жыл кечеси өзгөчө шаар  чети жана чоң шаарлардын өнөр жай аймактарында унаалар өрттөлүүдө. 2000 -  жылдардан кийин жаңы жыл  кечесинде миңден ашуун унаанын өрттөнгөндүгү аныкталып, бул сандын 2014 – 2015 – жылы жаңы жыл кечесинде болсо миңден аз экендиги байкалган болчу. Бул жылкы сандарга каршылык көрсөткөн ашыкча оңчул Улуттук фронт башкаруучулары жаңы ички иштер министри Бруно Ле Рунун чыныгы сандарды жашыргандыгын айтып, жетерлик чаранын көрүлбөгөндүгүн белгилешүүдө.



Тектеш кабарлар