Перл Харбордо Абе - Обама жолугушуусу

Абенин сапарынын максатынын «кечирм суроо» эмес экендиги билдирилген

639552
Перл Харбордо Абе  - Обама жолугушуусу
abe-obama pearl harbor.JPG

АКШнын президенти Барак Обама менен Япониянын премьер – министри Шинзо Абе 75 жыл мурда Перл Харбор баскыны болгон портто жолугушту.

Кызматында турган Американын президенти менен бир япон премьер – министри 1941 -  жылы 7 -  декабрда япон аскердик учактары басып алган Гаваи аралдарынын Оаху аралындагы Перл Харбор портунда биринчи жолу жолугушту.  Тарыхый аземде лидерлер кол салууда каза болгондордун элесине тигилген Аризона эстелигине гүл чамбар коюшту. Перл Харбор курмандыктарынын элесине деңизге да гүл таштаган лидерлер андан кийин биргелеше пресс – жыйын өткөрүлдү.

Обама сөзүндө эки өлкөнүн тынчтык ичинде бир союздаштык куруу жолун тандагандыгын жана мында да ийгиликтүү болгондугун айтты.

Азия  - Тынч океанда Вашингтон – Токио кызматташтыгынын маанисине көңүлдөрдү бурган Обама : «Япония менен союздаштыгыбыз эч мынчалык күчтүү болгон эмес»,- деди.

Япониянын премьер – министри да Перл Харбордун бир «макулдашуу символу» катары муундардын эскерүүсү керектигин айтты. Абе өлкөсү менен Вашингтондун ортосунда терең кызматташтыктын бар экендигин баса белгиледи. Япония 1941 – жылы 7 -  декабрда Перл Харбордогу Американын деңиз базасын аткылап, кол салууда 2 миң 400 Америка аскери каза болгон.

Оор жоготууга учураган АКШнын Экинчи Дүйнөлүк согушуна  кирүүсүнө себеп болгон кол салуу согуштун да багытын өзгөрттү. АКШнын 1945 – жылы Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына таштаган атомдук бомбаларынын таасири менен көпчүлүгү жаран болуп 200 миңге жакын киши каза болгон. Чоң жоготуудан кийин Япония жеңилүүнү кабыл алып Экинчи Дүйнөлүк согуштан чегинген.

Обама май айында Хиросимага сапар менен барган жана бул жерге кызматта турган кезинде барган биринчи Америка президенти болгон. Шинзо Абенин Перл Харбор сапары да Обаманын сапарына жооп катарында болду. Абенин сапарынын максатынын «кечирм суроо» эмес экендиги, Перл Харбордо каза болгондорду эскерүү экендиги билдирилген болчу.

 

 



Тектеш кабарлар