Түркиянын коргоо министри Орусияда
Фикри Ышык кесиптеши Сергей Шойгу менен жолугушту
Улуттук коргоо министри Фикри Ышык, Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго болгон куралдуу кол салуунун артындагыларды сөзсүз таба тургандарын айтты.
Сирия кризиси жана Халебдеги абалды сүйлөшүү үчүн Москвага барган Ышык, орус кесиптеши Сергей Шойгу менен өткөргөн жолугушууда куралдуу кол салуудан каза тапкан элчи Карлов үчүн көңүл айтты.
Кол салууну «террордук акт» деп сыпаттаган Ышык, кол салууга байланыштуу маалыматтарды Орусия менен да бөлүшө тургандарын билдирди.
Түркия менен Орусиянын Сириядагы кызматташуусуна да токтолгон Ышык: «Сирия кризиси менен Халебдеги абалга байланыштуу сүйлөшүүлөрүбүз жалгыз гана бул маселелердин чечилүүсүнө эмес, түрк-орус карым-катнаштарынын өнүгүүсүнө да салым кошот»,-деди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.