Сирия сүйлөшүүлөрү 2017 - жылдын 8 - февралында башталат

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечим долбоорунун добуш бирдиги менен кабыл алынышын ыраазычылык менен кабыл алынгандыгы билдирилди

634958
Сирия сүйлөшүүлөрү 2017 -  жылдын  8 - февралында башталат

Швейцариянын Женева шаарындагы Сирия сүйлөшүүлөрүнүн 2017 -  жылдын 8 -  февралында башталышы күтүлүүдө.

БУУнун Сирия атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын катчысы жазуу түрүндө маалымат берип Сирияга байланыштуу абалдарга баа берди. Маалыматта Мистуранын Чыгыш Халептеги жарандардын эвакуацияланышы жана коопсуздугунун текшерүү астына алынышы үчүн шаарга эл аралык байкоочулардын жиберилиши багытында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечим долбоорунун добуш бирдиги менен кабыл алынышын ыраазычылык менен кабыл алынгандыгы билдирилди.

Де Мистуранын Сирия сүйлөшүүлөрүнүн 2017 -  жылдын 8 -  февралында Женевада башталары  да жарыяланды. Атайын өкүлдүн бардык тараптар менен эл аралык коом жана өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү улантуу менен белгиленген күнү тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталышы үчүн иштей тургандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар