Орусияда лосьон ичип каза болгондордун саны 58ге жетти
Териштирүүнүн негизинде лосьондун сатылышына байланыштуу кээ бир кишилер камоого алынды
Жергиликтүү басма сөздө чыккан кабарларга караганда өлкөнүн 6 - чоң шаары Иркутскийде ичинде спирт болгон лосьонду ичип каза болгондордун саны 58ге жетти. «Siberian Times» гезитине маалымат берген орус жогорку мартабалуу жетекчи түрдүү ооруканаларда дарыланып жаткан 37 кишинин жарымынын абалынын оор экендигин билдирип : «Бул кишилер дарыгерге келүү үчүн кеч калышкан, жашап калышы бир мужиза болот»,- деди.
Кээ бир кишилердин үйлөрүндө каза болгондугу билдирилди. Орусиянын териштирүү комитети шишенин үстүндө жазылган эскертүүгө карабастан лосьондун спирттик ичимдик катары колдонулган.
Окуя тууралуу баштатылган териштирүүдө лосьондо этанолдун ордуна метанол спиртинин колдонулгандыгы аныкталды. Териштирүүнүн негизинде лосьондун сатылышына байланыштуу кээ бир кишилер камоого алынды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.