Украианада катуу кагылышуулар болду

Украинанын чыгышында Орусияны жактоочулар менен Украина аскери ок атыша кетишти.

633114
Украианада катуу кагылышуулар болду

Украинанын чыгышында кайрадан күчөгөн кагылышууларда  Орусияны жактоочулардан 20 киши менен 5 Украина аскери каза тапты.

Дебальцеводо Орусияны жактоочулар оор куралдар менен Украина аскерлерин бутага алышты. Орусияны жактоочулар Укриана аскерлерине 2 саат бою ок жаадырышты.

Киев аскердик катчысы 20 Орусияны жактоочу өлтүрүлгөнүн, 30нун болсо жараланганын жарыяласа ок атышууларда 5 Украина аскери каза тапканын алтысынын да жараланганын жарыялады.

Минск тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликсиз болушунан кийин Орусия менен Украинанын ортосундагы кризистин кантип ашылып өтүлө турганынын белгисиздиги уданууда.

Донбасс аймагында Орусияны жактоочулар менен Украина күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар башталган 2014-жылдын 6-апрелинен бери 10 миңден ашуун киши каза болгон.

Ок атышуулардын башталышы Орусия менен Европа Биримдигинин ортосунда келип чыккан Украинанын багытын белгилөө талаштарына барып такалат.

Укрианынан кызматынан алынган мурдагы президенти Виктор Янукович, Украинанын Орусия менен жакшы карым-катнаш курушун каалаган. 2013-жылдын 21-ноябрында Укриана өкмөтү Укриана-Европа Биримдиги шериктештик келишимине кол коюну четке какканда элдик көтөрүлүштөр башталган. Евромайдан деп аталган бул көтөрүлүштөр президентинин 22-февралда кызматын ташташына жана өкмөттүн кулашына алып келген.

Була балдан кийин Киев жана чөйрөсүндө тынчыган окуялар Крымга көчүрүлгөн.

Орусия 2016-жылдын 26-мартында Крымды бир жактуу түрдө аннекция кылган. Ушундайча окуялар эл аралык деңгээлге жайылган болду. Крымдын Орустардын колуна өтүшү да Донбасс аймагында ок атышууларга алып келген.

Орусия колдоосун күчөткөн Орусияны жактоочулар бул жерде маанилүү жеңишке жетишти. Кагылышуулар жайдын акырына карай токтогон. Беларустун борбор калаасы Минскте Европа Биримдигинин салымдары менен тараптардын ортосунда 2014-жылдын сентябрында жана 2015-жылдын февралында эки жолу ок атпоо келишимине кол коюлду, бирок булар кагылышуулардын соңуна чыгарылышына жеткен жок.



Тектеш кабарлар