Халебдегилерди эвакуация кылуу процесси уланууда

Халебден эвакуациялар башталган бейшемби күндөн бери болсо автобустар менен жана өз мүмкүнчүлүктөрү менен Идлибге жеткендердин саны 14 миңден ашты.

633651
Халебдегилерди эвакуация кылуу процесси уланууда

Сириядагы режим күчтөрүнүн курчоосу астындагы чыгыш Халебде эвакуация процесси уланууда.

Лондон борборлуу Сириянын адам укуктарын байкоо үйү, түн ортосунан бери 65 автобус менен 3500 чакты кишинин чыгарылып кеткенин жарыялады.

Халебден эвакуациялар башталган бейшемби күндөн бери болсо автобустар менен жана өз мүмкүнчүлүктөрү менен Идлибге жеткендердин саны 14 миңден ашты.

Халебдеги режим аймагынан чыгарылгандар оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Рашидан аймагында орун алган чогултуучу борборго жетти.

Сирия мамлекеттик телеканалы да оппозициянын курчоосу астындагы Фуа жана Кефраядан чыгарылгандарды ташыган автобустардын Халебге жеткенин жарыялады.

Мекеме бир аз мурда Халебдин чыгышындагы оппозициячылдардын жана жарандардын чыгарылышынын экинчи бир буйрукка чейин кечеңдетилгенин айткан.

Бул чечимге оппозициячылдардын курчоосу астындагы Фуа жана Кефрая айылдарына эвакуация үчүн барган 6 автобусту өрттөп жибериши себеп катары көрсөтүлгөн.

Бирок бул жарыянын дароо артынан оппозициячылдар жана режим күчтөрүнүн Түркия менен Орусиянын арачылыгы менен жетишилген жаңы макулдашууну ишке ашырууга баштаганынын маалыматы берилди.

Макулдашууга караганда режимдин курчоосундагы Чыгыш Халебдегилердин бардыгы, Мадая жана Зебаданиден болсо миңдей киши чыгарылат.

Оппозициячылдардын курчоосундагы Фуа жана Кефреядан 4 миң киши режимдин колундагы аймактарга жөнтүлөт.



Тектеш кабарлар