Иораданияда кол салуу
Кол салууда 5 коопсуздук кызматкери менен 1каналадык турист каза болду
Иорданиянын түштүгүндөгү Керак шаарында куралдуу бир группанын коопсуздук күчтөрүнө кол салуусу менен чыккан кагылышууда араларында 5 коопсуздук кызматкери жана канадалык 1 турист да болгон 10 киши каза болду.
Керак шаарындагы Ел – Катрана аймагына келген өрт кабары боюнча аймакка барган күзөттөгү унаага куралдуу кол салуу жасалды.
Ким экени азырынча белгисиз кол салуучулар ок атуу менен коопсуздук күчтөрүнөн 2 кишини жаралагандан кийин аймактан качып кетишти. Кол салуучулар башка бир күзөттөгү унаага да куралдуу кол салып, тарыхый Керак чебинен Керак коопсуздук борборуна ок атты. Коопсуздук күчтөрү чепти курчоого алды жана кол салуучуларга каршы операция баштатты. Кол салуучулардын 5 же 6 киши экендиги болжолдолууда. Операция улантылууда.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.