Англис министр Түркияны мисал катары көрсөттү

Англиянын эл аралык соода министри Лиам Фокс Европа Биримдигинин Бажы Биримдигине мүчө болуу менен жолун уланта аларын белгиледи

633159
Англис министр Түркияны мисал катары көрсөттү

Англиянын эл аралык соода министри Лиам Фокс өлкөсү Европа Биримдигинен чыккандан кийин Түркия моделин изилдешерин айтты.

Фокс Түркия сыяктуу Европа Биримдигинин Бажы Биримдигине мүчө болуу менен жолун уланта аларын белгиледи. Фокс англис басма сөз органы БиБиСиге  берген маалыматында Англиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнөн чыгышын «баш – аламан» деп мүнөздөдү.

Англимс министр : «Ар түрдүү альтернативдерди изилдегибиз келет. Биримдиктен чыгуу баш – аламан. Мисалы Түркия. Түркиянын кээ бир бөлүктөрү бажы биримдигинде, кээ бир бөлүктөрү биримдикте эмес. Бардык темаларды иликтегенден кийин өкмөт бул тууралуу орток көз карашка барат»,- деди.



Тектеш кабарлар