Кытайдан Бохай булуңунда аскердик машыгуу

Кытай Бохай булуңунда учак кемеси менен машыгуу өткөргөндүгүн билдирди

631725
Кытайдан Бохай булуңунда  аскердик машыгуу

Кытай коргонуу министрлигинен берилген маалыматта Кытай Эл Боштондук Армиясына таандык деңиз жана аба бөлүктөрүнүн чыныгы ок – дарыларды колдонуу менен Бохай булуңунда аскердик машыгууну өткөргөндүгү белгиленди.

Лиаонинг аттуу учак кемеси биринчи жолу колдонулган машыгууда 10дон аскердик кеме жана учактын катышкандыгы билдирилип, машыгуунун алкагында аткарылган кол салуу жана коргонуу сценарийлеринде абадан абага, абадан деңизге жана деңизден абага атуучу ракеталардын колдонулгандыгы белгиленди. Машыгууда  эрте эскертүүчү, күтүлбөгөн деңиз кол салууларын алдына алуу жана абадан коргонуу кыймылдарынын аткарылгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар