Халеб үчүн эң караңгы күн

Чуркин маалымат берди

630099
Халеб үчүн эң караңгы күн

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин Сириянын Халеб шаарынын чыгышында согуштун аяктагандыгын жана режимдин шаардын көзөмөлүн кайрадан камсыздаганын айтты.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириянын Халеб шаарында жарандарга карай кол салуулардын себебинен шашылыш чогулду.

Жыйындан кийин журналисттерге маалымат берген Чуркин: «Оппозициячылдар чыга баштады. Аскердик операциялар токтоду жана Халебдин чыгышындагы согуш аяктады. Сирия өкмөтү Халебдин чыгышында кайрадан көзөмөлдү камсыздады»,-деди.

Бир журналисттин: «Халебде жарандардын өз үйлөрүнө кайта алаарын айттыңыз бирок видеолорду көргөн жоксузбу? Кайта тургандай үйлөрү калган жок» деген суроосуна Чуркин: «Көрдүм коркунучтуу абал»,- деп жооп берди.

БУУнун Сирия боюнча өкүлү Стеффан де Мистура болсо Халебдин чыгышында 50 миң карапайым тургун, 1 миң 500гө жакын да оппозициячыл согушкердин бар экенин жана мунун 30 пайызынын Эл-Нусра согушкерлери болушу мүмкүн деп божомолдогондорун айтты.

Мистура: «Оппозициячылдардын жеңил курал-жарактарына уруксат берилип же берилбей турганы азырынча тактала элек, бул талкууланып жаткан темалардын бири. Оппозициячылдар Идлибге барышат. Оппозициячылдар менен кетүүнү каалаган жарандарга да уруксат берилишин талап кылуудабыз»,-деп айтты.

Мистура режим күчтөрүн жана Орусияны БУУнун Халебге жетүүсүнө уруксат берүүгө да чакырды.

Англиянын БУУдагы өкүлү Мэтью Рикрофт да кеңештеги билдирүүсүндө бүгүнкү күндүн Халеб үчүн акыркы беш жылдын ичиндеги эң караңгы күн болгонун айтты.

Халебдин эми өлүм менен эскерилээрин түшүндүргөн Рикрофт: «Алдыбыздагы күндөрдө жүздөгөн же миңдеген адам өлтүрүлөт же дайынсыз жоголот»,- деди.

Халебдин каратылышынын Асад үчүн жеңиш болбой турганын айткан Мэтью Рикрофт, Асаддын чоң кыйрандыга учуратып жана бөлүп-жарган өлкөнү башкара албай турганын сөз кылды.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Саманта Пауэр болсо, Халебдеги кыргындарды түшүндүрүп бул кылмыштарга колдоо көрсөткөн Орусия менен Иранды күнөөлөдү.

Пауэр: «Халебдин тарыхы Руанда, Сребреница жана Халабже сыяктуу аң сезимибизден ондогон жыл өтсө да кара так бойдон калат»,-деди.



Тектеш кабарлар