Орусия Алепподо текшерүүнү колго алгандыгын билдирди

7 миңден ашуун жаран да ДЕАШ мүчөлөрүнөн алынган аймактардагы үйлөрүнө кайтып келишти

629453
Орусия Алепподо текшерүүнү колго алгандыгын билдирди

Орусия Сирия армиясынын Алеппонун 98 пайызынан ашыкчасын текшерүү астына алгандыгын билдирди. Орусиянын Латакия  жакындарындагы байкоо борборунан берилген маалыматта : «Сирия өкмөтүнүн күчтөрү Алеппонун чыгыш жагындагы аймакты террористтерден кайра алды. Ушундайча Алеппо жерлеринин 98 пайызы өкмөттүн текшерүүсү астында. Алеппонун чыгыш жактарында ДЕАШ мүчөлөрүнүн текшерүүсү астындагы жерлер 3 километр квадраттан ашпайт»,- деп билдирилди. Маалыматта айрыкча армия күчтөрүнүн Алеппонун чыгыш  жактарын текшерүү астына алуу үчүн операциялар баштатылгандан бери орус байкоо борборунда кызмат кылган аскерлер тарабынан шаардын бул жактарынан 44 миң 367си бала болуп, 110 миңден ашуун жарандын аймактан чыгарылгандыгы белгиленди.

Байкоо борборунун билдиргенине караганда бул мөөнөттүн ичинде 7 миңден ашуун жаран да ДЕАШ мүчөлөрүнөн алынган аймактардагы үйлөрүнө кайтып келишти.



Тектеш кабарлар