Нигерияда 160 киши каза тапты
Нигериянын түштүгүндөгү Аква Ибом аймагында бир чиркөөнүн чатырынын кулоосу менен алгачкы белгилөөлөргө караганда 160 киши каза болду
Батыш Африка өлкөсү Нигериянын түштүгүндөгү Аква Ибом аймагында бир чиркөөнүн чатырынын кулоосу менен алгачкы белгилөөлөргө караганда 160 киши каза болду. Окуя аймактын борбор шаары Уйодогу Reigners Bible чиркөөсүндө жүздөгөн киши чогулган учурда болду.
Оорукана булактары өздөрүнө 160 кишинин сөөгүнүн алып келингендигин, каза болгондордун санынын артуусунан тынчсыздануулардын болуп жаткандыгын белгиледи.
Эпископ Акан Викс болсо курулушу азырынча бүтө элек чиркөөнүн чатырынын кулашы менен каза болгондордун санынын 200гө жакын экендигин билдирди.
Чатыры кулаган чиркөөдө изилдөө – куткаруу иштери улантылып, окуя болгон учурда ичинде болгон аймактык башкаруучу Удом Эммануэль окуядан жаракат албастан кутулду.
Аймактык башкаруучунун катчысы Экерете Удох аймак башкаруусунун окуя тууралуу териштирүү ачарын билдирди. Нигериянын Лагос шаарында 2014 - жылы 12 - сентябрда Бардык Улуттар Синагог чиркөөсүндө да улантылып жаткан жаңылоо иштери учурунда ушуга окшогон бир окуяда 116 киши каза болгон болчу.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.