Түндүк уюлдагы муз массаларынын көлөмү

Антарктикада да муз көлөмү ноябрь айында 14, 54 миллион километр квадрат экендиги өлчөлдү

625882
Түндүк уюлдагы муз массаларынын көлөмү

Илимпоздор Түндүк уюл жана Антарктикадагы муз массасынын кичирейишинин рекорддук деңгээлге жеткендигин билдиришти.

Түндүк уюлдагы муз массаларынын 1980 – 2010 – жылдардын ортосундагы орточо көлөмү 9, 08 миллион километр квадрат деп берилген отчетто ноябрь айындагы өлчөөдө болсо муз массасынын көлөмү 1, 95 миллион километр квадрат болуп, мезгилдин эң  кичине көлөмүнө жеткендиги белгиленди.

Антарктикада да муз көлөмү ноябрь айында 14, 54 миллион километр квадрат экендиги өлчөлүп, мезгилдин орточо көлөмүнөн 1, 81 миллион километр квадрат дагы төмөн экендиги ортого чыкты.

Отчетто башта Баренц деңизинде болуу менен сөзү болгон мезгилдеги мөңгүлөрдүн 50 миң километр квадратка кичирейгендиги белгиленди. Мөңгүнүн көлөмүндөгү ушуга окшогон кичирейүүнүн 2013 -  жылы ноябрь айында болгондугу билдирилген отчетто сөз болгон эрүүнүн Түндүк уюлунда муз көлөмүнүн артуусу керек болгон мезгилде Даниянын көлөмүнчөлүк бир массанын таасирленишине жол ачкандыгы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар