Алеппону бошотуу, Орусиянын маалыматы

Оорулуу 150 киши шаардын батышына алып барылды

626548
Алеппону бошотуу, Орусиянын маалыматы

 Сирияда Асад режиминин бомбалоосу астындагы Алеппонун чыгышында  чоң масштабдагы бошотуу ишке ашты. Эл аралык Кызыл Крест уюму көпчүлүгү оорулуу  150 киши шаардын батышына алып барылды.

Уюмдун берген маалыматына караганда Ел Рази жана Ибн Халдун ооруканаларынан алынган 118 оорулуу шаардын батышындагы коопсуз  ооруканаларга алып барылды. Аялдар менен балдар да болгон 30дан ашуун жаран да шаардын батышындагы баш калкалоочу жерлерге жайгаштырылды.

15 – ноябрдан бери абадан жана кургактыктан жүргүзүлгөн бомбалоолордон улам оппозициячылдар Чыгыш Алеппонун үчтөн эки бөлүгүн алдырды. Ошол эле учурда  операцияларда Асад режимине жардам берген Орусиядан маалымат берилди.

Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Вашингтон менен Алеппо тууралуу келишимге абдан жакын экендерин билдирди. Акыркы күндөрдө Аллеподогу абал тууралуу документ алмашуу болгондугун айткан Рябков : «Аймактагы абал саат сайын өзгөрүүдө, ушул себептен столдо кайсы документтин бар экендигин белгилөө маанисиз. Тексттерге түзөтүүлөр киргизилүүдө»,- деди.

Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУ жыйыны үчүн барган Германияда америкалык кесиптеши Жон Керри менен жолугушуусунун аткарган иштеринин тыгыздыгын көрсөткөндүгүн белгилеген Рябков : «Күтүүлөрдү жогорулатууну каалабайм, бирок Алеппо тууралуу орток түшүнүккө барганга жакынбыз. Бирок акыркы айларда АКШ менен курган диалогдон алган тажрыйба бизди  сак болууга түртүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар