Индонезияда жер титирөө болду

Жер титирөөдөн жабыркагандар катталды

625141
Индонезияда жер титирөө болду

Индонезияда рихтер таякчасы боюнча күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөөдөн алгачкы белгилөөлөргө караганда 18 адам каза тапты.

Жер титирөөдөн көп сандаган киши да жаракат алып, ондогон имарат жер менен жексен болду.

Урандынын астынан ушул учурга чейин 50 киши чыгарылды.

Катуу силкинүүдөн электр устундары кулап, адамдар көчөлөргө чыга качышты.

Эпицентри Суматра аралы болгон жер титирөөдөн кийин жооптуу кызматкерлер, цунами коркунучу болгонун билдиришти.

АКШнын геологиялык кызматы, жер силкинүүнүн 10 километр тереңдикте болгонун маалымдады.

Индонезияда 2004-жылы күчү 9,4 баллга жеткен жер титирөөдөн жана андан кийин болгон цунимиден 120 миңден ашуун адам көз жумган.



Тектеш кабарлар