Идлиб жана Алепподо абадан кол салуу

Кол салууда 29 киши каза болду

625233
Идлиб жана Алепподо абадан кол салуу

Орусия жана Асад режимине таандык аскердик учактар Сириянын түндүгүндөгү Идлиб жана Алепподогу бомбалоосунда оппозициячылдардын текшерүүсүндөгү аймактарда 29 киши каза болду.

Идлиб облустук коргоо жетекчилеринен Мухаммед Яхя режимге таандык аскердик учактардын Идлиб шаар борбору менен Идлибге караштуу Мааррет Нассан менен Мааррет Масрин аймагында отурукташуу жерлерин бомбалагандыгын айтты. Режим күчтөрүнүн абадан кол салуусунда 27 кишинин каза болгондугун, ондогон кишинин жаралангандыгын белгилеген Яхя  бул аймактарда жаралангандардын көчүп жүрүүчү ооруканаларга жаткырылгандыгын билдирди. Яхя айрыкча режимге таандык аскердик учактардын Алеппонун Этариб районунда базарды бомбалагандыгын, кол салууда 2 жарандын каза болуп, 15 кишинин жаралангандыгын билдирди. Ушундайча 15 -  ноябрдан бери Аллепого карата кол салууларда каза болгондордун саны 775ке жогорулады.

Аллеподо  3 айдан ашуун убакыттан бери режимдин курчоосу астындагы жүз миңдеген жаран муктаждыктарын камсыз кыла албай жатат. Шаардын чыгышындагы ооруканалар, саламаттык сактоо борборлору, нан бышыруучу жерлер менен мектептер режимдин кол салуусунан улам иштебей жатат.

Кээ бир станциялардын чоң бөлүгүнүн кулашы жана режимдин телефон зымдарын кесүүсү менен шаарда байланыш чектелген.



Тектеш кабарлар