Байден 2020 - жылдагы шайлоодо талапкер болобу?
АКШнын вице - президенти Жо Байден 2020 - жылы боло турган президенттик шайлоо жарышына кирерин айтты
Байден 2020 - жылы АКШнын президенттигине талапкер болууну пландап жатат
АКШнын вице - президенти Жо Байден 2020 - жылы боло турган президенттик шайлоо жарышына кирерин айтты.
АКШ журналисттерине маалымат берген Байден кийинки президенттик шайлоого кирип же кирбей тургандыгына байланыштуу суроого : «Ооба 2020 - жылы боло турган президенттик шайлоодо талапкермин»,- деди. Мунун тамаша же тамаша эмес экендиги боюнча берилген суроого Байден : «Шайлоого кирбеймин дебеймин. Эч нерсе үчүн убада бере албаймын. Тагдырдын кызыктуу кийлигишүү ыкмасы бар экендигин билдим»,- деп жооп берди.
Азыркы учурда 73 жашта болгон Байден 1988 – 2008 - жылдагы шайлоодо Демократ партияснын талапкери болгон. Байден 2020 - жылдагы шайлоого кирип жана жеңип чыга турган болсо АКШда президент болуп шайланган эң картаң киши болот.