ЕБнин Түркияга муктаждыгы бар

Юнкер Испаниянын борбор калаасы Мадридге кечээ жасаган расмий сапарында бир топ испан журналисттерин кабыл алып, суроолоруна жооп берди.

622746
ЕБнин Түркияга муктаждыгы бар

Европа Биримдиги комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер, ЕБнин Түркияга муктаждыгы болгонун айтты.

Юнкер Испаниянын борбор калаасы Мадридге кечээ жасаган расмий сапарында бир топ испан журналисттерин кабыл алып, суроолоруна жооп берди.

Эл Паис гезитинин кабарына караганда Юнкер, Түркия жана ЕБнин карым-катнаштарына токтолуп, «ЕБнин Түркияга болгонундай эле Түркиянын да Европага муктаждыгы бар»,-деди.

Европадагы баш калкалоочу кризиси тууралуу суралган суроолорго «Түркиянын «Артка кайтарып алуу» келишимин жойбой турганын ойлоодомун» деген жоопту берген ЕП комиссиясынын төрагасы президент Режеп Таййип Эрдоганга «ишенгенин» белгилеп: «Эрдоган, өлкөсүнүн жээктерин кылмыш уюмдарынын жана адам сатуучулардын колуна таштабайт»,-деп айтты.

Бир тараптан Юнкер, ЕБнин Орусияга карата ишке ашырган экономикалык санкцияларды киргизүү боюнча чечкиндүү экенин белгилеп, «Санкциялар качан аяктай турганын Орусиянын таштай турган кадамдары белгилейт»,-деди.



Тектеш кабарлар