Перуда жер титирөө болду
Жер титирөөнүн 10 километр тереңдикте болгону билдирилди.
622206
Түштүк Америка өлкөлөрүнөн Перуда рихтер боюнча күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болду.
АКШнын Геологиялык илидөө борбору, жер титирөөнүн өлкөнүн Huarichancara шаарынын 43 километр түндүк-чыгышында, жерден 10 километр тереңдикте болгонун билдирди.
Перунун Жарандык коргонуу агенттиги маалымдагандай, жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.
Өлкөдө 15-августта болгон 5,4 баллдык жер титирөөдөн 4 киши каза болуп, 30 киши жаракат алган болчу.
Тектеш кабарлар
Нетаньяху Рафахка кургактан кол салуу темасында көшөрүүдө
Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү кыйыр түрдө уланууда.