Ангела Меркель Түркия менен Европа Биримдининин ишенимдүү өнөктөштөр экендигин айтты

Мальтанын премьер - министри Кайра кабыл алуу келишимин Жер Ортолук деңиз аймагындагы өлкөлөр менен да түзүлүшү керектигин айтты

620733
Ангела Меркель Түркия менен Европа Биримдининин  ишенимдүү өнөктөштөр экендигин айтты

Германиянын канцлери Ангела Меркель Түркия менен Европа Биримдининин ортосунда апрель айында ишке кирген Кайра кабыл алуу келишиминин ишке ашышында тараптардын ишенимдүү өнөктөштөр экендигин айтты.

Меркель  Берлинде Мальтанын премьер – министри Жосеф Мускат менен өткөргөн жолугушуудан кийинки биргелешкен пресс – жыйында бир журналисттин президент Р. Т. Эрдогандын чек араларды качкындарга ача алышары тууралуу сөздөрүнүн эскертилүүсү жана Европанын жаңы миграция агымдарына даяр же даяр эмес экендигин суроосу боюнча : «Европа Биримдигинин келишим боюнча жоопкерчиликтерин орундатуусу керектигине жана Түркиянын да жоопкерчиликтерин орундатарына ишенебиз»,- деди.

Келишимдин бардык тараптардын пайдасына экендигин айткан Меркель : «Түркия менен бул келишим түзүлгөндөн мурда январь  - февраль айларында Эгей деңизинде да 400дөн ашуун киши каза болгон. Ушул себеп менен Европа Биримдигинин да Түркиянын да ишенимдүү өнөктөштөр экендигине ишенем. Бул тууралуу бирдикте аткара турган көп иш бар»,- деди.

Мускат Түркия менен түзүлгөн келишимдин бир гана Ливия менен эле эмес, Жер Ортолук  деңиз аймагындагы башка бардык өлкөлөр менен түзүлүшү керектигин айтты.



Тектеш кабарлар