АКШдагы тилсиз жоонун кесепети

Тилсиз жоо чоң зыян алып келди

620354
АКШдагы тилсиз жоонун кесепети

АКШнын Теннесси штатында дүйшөмбү күнү башталган токой өрттөрүнөн 3 киши каза тапты.

Шамалдын да таасири менен жайылган тилсиз жоонун айынан 150дөн ашуун үй, ишкана жана ондогон унаа өрттөнүп кетти.

Өрттүн себебинен ондогон киши жаракат алып, 11 миң 600 адам электр жарыксыз калды.

Аймакта 14 миңден ашуун киши үй жана ишканалардан чыгарылып кетти.

Бир тараптан Калифорния штатындагы Санта-Крус тоолорунда чыккан токой өртү да 3 күндөн бери уланып жатат.

Көптөгөн үйдүн өрттөнүп кетишине себепчи болгон Калифорниядагы өрттөн 2 миң 300 гектардан ашуун жер зыян тартты.



Тектеш кабарлар