АКШда шайлоо жыйынтыктары кайра саналууда

Жилл Стайн, Висконсинден кийин Пенсильвания штатында да добуштардын кайрадан саналышы үчүн расмий кайрылуусун жасады.

619791
АКШда шайлоо жыйынтыктары кайра саналууда

АКШда 8-ноябрда болгон президенттик шайлоолордон 20 күн өткөндөн кийин Мичиган шайлоо комиссиясы республикачыл Дональд Трамптын шайлоолорду жана 16 шайлоочу кеңештин мүчөсүн жеңип алганын жарыялады.

Жыйынтыктары жарыяланбаган Мичиган штатындагы «шайлоо табышмагы» комиссиянын Трамптын жеңгенин жарыялоосу менен соңуна чыкты.

Шайлоолорду жеңип алган Трамп, Мичигандан келген 16 жаңы делегат саны менен жалпы шайлоочу кеңеш мүчө санын 306га жеткирди. Демократ атаандашы Хиллари Клинтон болсо 232 делегатка ээ болгон.

Бир тараптан Жашыл партиянын президенттикке талапкери Жилл Стайн, Висконсинден кийин Пенсильвания штатында да добуштардын кайрадан саналышы үчүн расмий кайрылуусун жасады.

Стайн, өткөн аптада Висконсин штатындагы добуштардын кайрадан саналышы үчүн кайрылган. Висконсиндин шайлоо комиссиясы да кайрылууну кабыл алгандарын жана кыска мөөнөттүн ичинде добуштардын кайрадан саналышы үчүн тийиштүү процедуралар жасала турганын жарыялаган. Висконсинде шайлоолорду жеңип алган Трамп 1 миллион 409 миң, Клинтон болсо 1 миллион 381 миң 823 добушка ээ болгон.

Өлкөдө 8-ноябрдагы 58-президенттик шайлоолорун жеңип алган республикачыл Трамптын АКШнын 45-президенти катары 2017-жылдын 20-январындагы ант берүү аземинен кийин Оваль офистеги орундугуна олтурушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар