Эл аралык миграция уюмунун көрсөткүчтөрү

Баш калкалоочулардын абалы курч бойдон

617730
Эл аралык миграция уюмунун көрсөткүчтөрү

Эл аралык миграция уюму тарабынан 2016-жылы ушул учурга чейин Жер ортолук деңиз аркылуу Европага барган баш калкалоочулардын саны 345 миң 676га жеткени билдирилди.

БУУнун Женева кеңсесинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Эл аралык миграция уюмунун басма сөз катчысы Жоэл Миллман, 23-ноябрдан тарта Жер ортолук деңизде көз жумган баш калкалоочулардын саны 4 миң 663 киши экенин белгилеп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде болсо бул сандын 3 миң 574 болгонун баса белгиледи.

Миллман 2016-жылы көбүнчө Греция жана Италияга сапар тарткан 345 миң 676 баш калкалоочунун деңиз жолу аркылуу Европага жеткенин билдирип, ушул учурга чейин Грецияга 171 миң 463, Италияга болсо 168 миң 579 баш калкалоочунун барганын айтты.

Катчы Миллман бейшемби күнү Римде куткарылган 1 миң 300 баш калкалоочунун аты аталган көрсөткүчтөргө камтылбаганын кошумчалады.

Бир тараптан Эл аралык миграция уюмунан маалымдалгандай, дүйнөнүн жалпысында каза тапкан баш калкалоочулардын саны 6 миң 155ке жетти.



Тектеш кабарлар