Сальвадордо 7,2 баллдык жер титирөө болду
Жер силкинүү коңшу өлкөлөрдө да сезилди.
617417
Борбордук Америка өлкөсү Сальвадордо 7,2 баллдык жер титирөө болду.
Алгачкы белгилөөлөргө караганда жабыркагандар катталган жок. Жер силкинүү коңшу өлкөлөрдө да сезилди.
Сальвадордун түштүгүндөгү Триунфо портунун түштүк-батышында жер титирөө болду.
АКШнын Тынч океандагы цунами борбору Никарагуа, Сальвадор жана Гондурасты камтыган цунами коркунучу жөнүндө эскертти.
Цунами борбору, толкундардын жер титирөөнүн очогуна 300 киломтердик аянтта таасирдүү болоорун жана 1 метрге чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.