Люксембург, Франция жана Австрияда митингдер өткөрүлөт

Митингдер жуманын аягында болот

617483
Люксембург, Франция жана Австрияда митингдер өткөрүлөт

Люксембург, Франция жана Австрияда жуманын аягында «Террорго каршыбыз, демократияны колдойбуз» аттуу митингдер өткөрүлөт.

Люксембургдун борбору Люксембургдагы митинг 26-ноябрь ишемби күнү «Theatre» аянтында өткөрүлөт.

Элдик демилге жана бейөкмөт уюмдарынын колдоосу менен өтө турган митингде, Европа өлкөлөрүнөн террорго каршы күрөшүүдө Түркияга колдоо көрсөтүүлөрүн өтүнүшөт. Митингде шейиттер да эскерилет.

Франциянын Страсбург шаарындагы бейөкмөт уюмдары да 26-ноябрь ишемби күнү «Place de l’Etoile» аянтында «Террорго каршыбыз, демократияны колдойбуз» митингин өткөрүшөт.

Калың топтун катышуусу күтүлгөн митингде Европа Биримдиги жана Европа кеңешине караштуу мекемелерге «террорго колдоо көрсөтпөгүлө» деген билдирүүлөр айтылат.

Австриянын борбору Венада болсо 27-ноябрь жекшемби күнү митинг өткөрүлөт.

Австрия Парламентинин алдында өтө турган митингде террордук уюмдарга колдоо көрсөткөн Европа Биримдиги жана мүчө өлкөлөргө нааразылык билдирилет.



Тектеш кабарлар