Япония тынчсыздануусун Орусияга билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Токиого сапар жасашы күтүлүүдө.

617629
Япония тынчсыздануусун Орусияга билдирди

Орусиянын талаштуу Курил аралдарына ракеталык системасын жайгаштырышын кабатыр кылуучу деп баамдаган Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ: «Дипломатиялык каналдар аркылуу бул темадагы тынчсыздануубузду Орусияга билдирдик»,-деди.

Киодо агенттигинин маалыматына караганда, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ жогорку парламенттин жалпы кеңешинин жыйынында, Орусиянын Курил аралдарына ракеталык системасын жайгаштырышын Япониянын мамилесине шайкеш келбегендигин сөз кылды.

Орусиянын үч күн мурда Курил жээктериндеги талаштуу аралдарга «Мед» жана «Бастион» үлгүсүндөгү ракета системаларын жайгаштырганы билдирилген болчу.

Бир тараптан Орусиянын президенти Владимир Путиндин декабрь айында Токиого сапар жасашы күтүлүүдө.

Орусия 1949-жылы Япониянын түндүгүндөгү Курил аралдарын көзөмөлгө алып жана бул жерде жашаган япондорду ал жерден чыгарган болчу. Эки өлкө Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин Курил аралдарына байланыштуу келишпестиктин айынан расмий тынчтык келишимине кол кое алган жок. Япония Орусиянын аралдагы үстөмдүгүн мыйзамсыз деп мүнөздөөдө.



Тектеш кабарлар