Аль Каиданын лидерлеринен Ел Масри өлтүрүлдү

Ел Масри Сирияда Аль Каиданын жогорку мартабалуу лидерлеринен бири катары билинет

616224
Аль Каиданын лидерлеринен Ел Масри өлтүрүлдү

Сирияда Аль Каиданын жогорку мартабалуу лидерлеринин бири болгон Ел Масри өлтүрүлдү.

Американын коргонуу министрлиги Пентагондун катчысы Петер Кук күнүмдүк басма сөз жыйынында Ел Масринин коалиция күчтөрүнүн Сирияда 18 -  ноябрь жума күнү жасаган абадан кол салуусунда өлтүрүлгөндүгүн жарыялады. Египеттик болгон жана Афганстанда Аль Каидага кошулгандан кийин Сирияга баргандыгы билдирилген Ел Масри Сирияда Аль Каиданын жогорку мартабалуу лидерлеринен бири катары билинет.

Сирмата шаарынын жакындарында жасалган абадан кол салууда өлтүрүлгөндүгү белгиленген Ел Масринин Афганстандагы Америка жана коалиция күчтөрүнө жасалган бир топ кол салууда салымынын бар экендиги белгиленди. Гук Ел Масринин өлтүрүлүшү менен аймакта террордук уюмдарга каршы күрөштө маанилүү бир кадам дагы ташташкандарын айтты.



Тектеш кабарлар