Японияда 7,3 баллдык жер титирөө болду

Япониянын метеорология агенттиги жер титирөөнүн очогу 10 км тереңдикте болгонун жарыялады.

615275
Японияда 7,3 баллдык жер титирөө болду

Япониянын түндүк чыгыш жээгиндеги Фукусима шаарынын жээктеринде рихтер өлчөөсү боюнча 7,3 баллдык жер титирөө болуп өттү.

Япониянын метеорология агенттиги жер титирөөнүн очогу 10 км тереңдикте болгонун жарыялады.

Аймакта цунами эскертүүсү берилди жана толкундун 3 метрге чейин көтөрүлө турганы жарыяланды.

Японияда ошол эле аймакта 2011-жылдын 11-мартында болгон 9 баллдык жер титирөө жана андан соң болгон цунамиде 19 миң киши өмүрүнөн ажырады. Ал апаат Фукусима станциясынан радиоактивдүү заттардын агышына алып барган.



Тектеш кабарлар