Халептин чыгышында оорукана калган жок

300 миң киши жашаган аймакта 30 гана дарыгер калды

614802
Халептин чыгышында оорукана калган жок

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 250 миң жаран жашаган Сириянын Халеп шаарынын чыгышында кызмат кылган оорукананын калбагандыгын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан берилген маалыматта өткөн жумада блокада астындагы Халептин чыгышында саламаттыкты сактоо мекемелерине карата жасалган кол салууларда аймакта иш алып барган оорукананын калбагандыгы билдирилди.

Аймактагы абалдын тескери шарттардан улам дагы да оорлошкондугу белгиленген маалыматта июнь айынан бери аймакка гуманитардык жана медициналык жардам жеткирүүнүн мүмкүн эместиги баса белгиленди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тараптарга эл аралык адам укуктарынын негизинде саламаттыкты сактоо борборлорунун коопсуздугуна сый көрсөтүүгө чакырды.

Оппозициячылдар курган убактылуу өкмөткө караштуу Халеп саламаттыкты сактоо боюнча облустук директорлугу да : «Акыркы 48 саатта Халептин чыгыш маалаларын бутага алган Асад режиминин системалуу түрдө кол салуулары жана орус бомбалоосунан улам бардык ооруканаларда иш токтоду»,- деген билдирүү жасады.

4 күндө 150 жаран каза болгон шаарда акыркы болуп бир балдар ооруканасы атылды. Сириядагы гуманитардык жардам боюнча кеңешчиси Ян Эгеланн : «Бардык азык – түлүк запастары бүттү, оң миңдеген үй – бүлө ачкачылык менен бетме – бет. 300 миң киши жашаган аймакта 30 гана дарыгер калды»,- деди.

 



Тектеш кабарлар