БУУму Халепте болгон кол салууларды айыптады
Ирандагы өлүм жазасы да сынга алынган комитетте Крым жана Түндүк Кореядагы адам укуктарын бузуу да айыпталды
БУУму Сириянын Халеп шаарында жарандарга карата күч алган кол салууларды айыптап тараптарды ок атууларды токтотууга чакырды.
Сауд Аравия тарабынан даярдалган жана БУУнун Жалпы Кеңешинин адам укуктарынан жооптуу үчүнчү комитетинде бекитилген чечим долбоору 15 каршы добушка 116 кабыл добуш менен кабыл алынды. Добуш берүүдө Орусия жана Иран кабыл болбогон добуш берип, 49 мүчө өлкө арсар болду.
Комитетте кабыл алынган чечимдер келерки айда Жалпы Кеңеште да бекитилет.
Сириядагы адам укуктарын бузуу жарандык согуш башталган 2011 - жылдан бери жыл сайын Жалпы Кеңештин адам укуктары комитетинде добуш бирдиги менен айыпталууда.
Халепте жарандарга карата күч алган кол салуулар айыпталган бул жылкы чечимде ок атууларды токтотуу жана гуманитардык жардамдардын жеткирилишине чакыруу жасалды.
Ирандагы өлүм жазасы да сынга алынган комитетте Крым жана Түндүк Кореядагы адам укуктарын бузуу да айыпталды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.