Иран Халепде ракета заводун курган

Ирандын башкы штабынын төрагасы генерал – майор Мухаммед Хүсейин Бакириден моюнга алуу

608570
Иран Халепде ракета заводун курган

Ирандын жарымы расмий болгон Фарс кабар агенттигинде орун алган кабарга караганда борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн Бакири Сириянын Халеп шаарында 2006 – жылы бир ракета заводун курушкандарын моюнга алды.

Иран курган ракета заводунун Халептеги өнөр жай аймагынын жакындарында оппозициячылдар менен Сирия аскерлери кагылышкан аймакта экендиги болжолдолууда. Бакири заводдун өндүрүшүнүн улантылып же улантылбагандыгы, ракеталардын түрү жана аралыктары тууралуу маалымат бербестен : «Ирандын өткөн жылдарда Сириянын Халеп аймагында курган ракета заводунда чыгарылган ракеталар 33 күн согушунда Израилге каршы колдонулду»,- деди.

Израилдин 2006 -  жылы июль айында Ливанды 33 күн бомбалаган кол салуу «33 күн согушу» деп аталууда. Бир тараптан сириялык оппозициячылдар бул маалыматтардын жаңы эмес экендигин, Сирия жерлеринде Иран аскердик өндүрүшүнүн 2002 -  жылы Башар Асад кол койгон келишим менен башталгандыгын белгилешти.

 

 



Тектеш кабарлар