Байден сионист

Жо Байден сионист болуш үчүн еврей болуунун керек эмес экендигин айтты

609063
Байден сионист

АКШнын вице – президенти Жо Байден сионист экендигин, бул үчүн еврей болуунун керек эмес экендигин айтты. Байден Дүйнөлүк еврейлер конгрессинин Нью – Йорктогу жыйынында сөз сүйлөдү.

АКШнын 45 -  президенти болуп шайланган Дональд Трамптын президенттигинде  Израиль менен карым – катнаштардын кандай болоруна токтолгон Жо Байден : «Жаңы башкарууда Израиль – Америка карым – катнаштарында өзгөрүүнүн болушун күтпөймүн. Мындай нерсе болсо да бирок жок ; конгресс жана Америка калкы мунун ишке ашуусуна эч качан уруксат бербейт»,- деди.

Байден 400гө жакын киши болгон залдагы сөзүндө : «Сионистмин, сионист болуу үчүн еврей болуунун кереги жок»,- деди. Байденге кечеде саясий сионизмдин куруучусу катары билинген "Теодор Герцль» сыйлыгы берилди. Бирок Израиль булактары АКШ менен карым – катнаштардын келечегинен Байден сыяктуу үмүттүү эмес.

Израиль тышкы иштер министрлигинин негизинде Трамптын Жакынкы Чыгышта жүргүзө турган саясатты иликтей турган адистер даярдаган отчетто : «Трапмтын шайлоо үгүтүн жүргүзгөн учурда айткан сөздөрү Израиль  - Палестина кагылышуусу тууралуу саясат жүргүзбөй тургандыгын белгилеп жатат»,- деп айтылды.

Гаарец  гезитинин интернет сайтында жарыяланган отчетто Израиль – Палестина маселесинин Дональд Трамптын алдыңкылыктарынын арасында орун албагандыгы баса белгиленип булар айтылды : «Трамптын Израиль – Палестина маселесинде туруктуу болоору күтүлбөйт. Бир тараптан еврей отурукташуу жерлеринин курулушуна колдоо берүүдө жана АКШ элчилигин Тель Авивден Иерусалимге алып баруу убадасын берүүдө. Бир тараптан израилдик жана палестиналык тараптардын өз маселелерин өздөрү чечүүсү керектигин айтып тарапсыз болорун белгилеп жатат. Ишкер болгон Трамп Жакынкы Чыгышты инвестиция салына турган аймак катары көрбөй жатат».

 

 

 

 



Тектеш кабарлар