Трамп-Обама жолугушуусу

Дональд Трамп, эки жарым айдан кийин кызматты өткөрүп ала турганы президент Барак Обама менен Ак үйдө алгач ирет жолукту.

608315
Трамп-Обама жолугушуусу

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп, эки жарым айдан кийин кызматты өткөрүп ала турганы президент Барак Обама менен Ак үйдө алгач ирет жолукту.

Жолугушууда башкарууну өткөрүп алуу процесси каралып чыкты.

1 саат 35 мүнөткө созулган жолугушуудан кийин эки президент басма сөзгө маалымат беришти.

Трамп менен «абдан жемиштүү» жолугушуу өткөргөндөрүн белгилеген президент Обама, Ак үйдүн иштөөсү, ички жана тышкы саясат темаларын карап чыккандарын айтты.

Алдыбыздагы айда биринчи планынын жаңы президенттин ийгиликтүү болушун камсыздай турган өткөөл мезгил процессин жеңилдетүү болгонун белгилеген Обама, «Трамптын өлкөбүз дуушар болгон бир топ маселеге байланыштуу командам менен иштөөнү каалоосу мени шыктандырды. Партия жана саясий тандоолорго карабастан бардыгыбыз биригип, бетме-бет келген кыйынчылыктар менен күрөшүүдө биргелешип иштөөбүз абдан маанилүү»,-деди.

Жубайы Мишель Обама да Трамптын жубайы Мелания Трамп менен жолугушканын айткан Обама, өткөөл мезгилди башынан өткөрө турган Трамп үй-бүлөсүнүн жылуу кабыл алуулары үчүн аракет кылгандарын айтты.

Президент Обама, «Урматтуу Трамп, ийгиликтүү болушуңуз үчүн колубуздан келгенди кыла турганыбызды белгилегим келет, анткени сиз ийгиликтүү болсоңуз өлкөбүз ийгиликтүү болот»,-деп айтты.

Дональд Трамп мындан мурда эч жолукпаган Обама менен жолукканы үчүн сыймыктанганын белгиледи.

Чоң урмат-сый көрсөткөн Обама менен жолугушуусу күтүлгөндөн көпкө созулганын белгилеген Трамп, «Президент менен анын сунуштарына кайрылуу менен катар келечекте иштөөнү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн»,-деп айтты.

АКШда президенттикке шайланган Дональд Трамп, Республикачылдардын маанилүү лидерлеринен Өкүлдөр палатасынын төрагасы Пол Райан менен да жолукту.

Райан Трампка Конгресс имаратын кыдыртты жана президенттик ант берүү аземи туурасында маалымат берди.

Президенттик шайлоодон кийин Райан менен алгач ирет жолуккан Трамп, журналисттерге пайдалуу жолугушуу өткөргөндөрүн айтты. Трамп саламаттык сактоо системасы, миграция жана салыктарга байланыштуу темаларда ылдам иш алып бара тургандарын айтып, «Америка калкы үчүн абдан пайдалуу иштерди кылабыз»,-деди.

Райан болсо жолугушууну «жемиштүү» деп мүнөздөдү. Пол Райан шайлоо компаниясы убагында өзгөчө аялдар тууралуу талаштуу сөздөрдү айткандан кийин Трампты колдоосун токтотконун жарыялаган.

АКШнын 45-президенти болуп шайланган Донльд Трамп, 2017-жылдын 20-январында Конгресстин бакчасында өткөрүлө турган ант берүү аземинен кийин кызматын баштайт.



Тектеш кабарлар