Чыгыш Африкада ачкачылык жана кургактык

23, 4 миллион киши чукул жардамга муктаж

608168
Чыгыш Африкада ачкачылык жана кургактык

Бириккен Улуттар Уюму Чыгыш Африкада болгон кургакчылыктан улам  23,4 миллион кишинин чукул жардамга муктаж экендигин белгиледи. БУУнун гуманитардык иштер координация офиси тарабынан даярдалган отчетто жаңы бир кургактык толкуну күтүлүп жаткан Түштүк Судан, Судан, Эфиопия, Эритре, Сомали жана Кениянын кээ бир аймактары да чукул түрдө азык – түлүк жардамына  муктаж. Отчетто Сомалиде да Ел Нинодон таасирленген Пунтланд жана Сомалиланд аймактарында ичүүгө боло турган суу кыйынчылыгынын бар экендиги жана жалпы өлкөдө 1,1 миллион кишинин чукул түрдө азык – түлүк жардамына муктаж экендиги белгиленди.

Кения  улуттук кургакчылыкты башкаруу борборунун башкаруучусу Жеймс Одор болсо Кенияда 1, 5 миллионго жакын кишинин кургакчылыктан таасирленгендигин жана бул кишилердин ачкачылык коркунучу менен бетме – бет экендигин белгиледи.

Кенияда кургакчылык эң күчтүү болгон жерлердин башында өлкөнүн чет жактарындагы Килифи аймагынын тургандыгын айткан Одор бул жерден кийин Гарисса, Куале, Ламу жана Нарок аймактарынын келгендигине көңүлдөрдү бурду.

Одор бул аймактардагы өсүмдүк жабуусунун маанилүү катнашта кургакчылыктан  таасирленгендигин белгилеген Гарисса Нарок жана Тана Ривер аймагындагы жайыттардын болсо бул кургакчылыкка эң аз бир ай гана чыдай аларын баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар