Трамп мезгили Түркияга кандай таасирин тийгизет?

Бул суроонун жообу Трамптын буга чейинки билдирүүлөрүндө орун алган.

607018
Трамп мезгили Түркияга кандай таасирин тийгизет?

Америка Кошмо Штаттарынын 45-Президенти Дональд Трамп болду.

Анда «Трамп мезгили Түркияга кандай таасирин тийгизет?»

Бул суроонун жообу Трамптын буга чейинки билдирүүлөрүндө орун алган.

Трамп июль айында «The New York Times» гезитине берген маегинде Түркия тууралуу билдирүүлөрдү айткан эле.

Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен көп өтпөй берген маегинде президент Режеп Тайип Эрдогандын мактоого арзырлык экенин айткан Трамп: «Болгон окуя төңкөрүш эмес эле аракет болчу, ишке ашкан жок, аракет бойдон калды. Болгондорду тескерисине айландыра алаары темасында Эрдоганга ишенемин. Айрымдары төңкөрүш аракетинин сценарий экенин айтып жатышат бирок мен андай деп ойлобоймун» деген эле.

Дональд Трамп ФЕТӨнүн корбашчысы Гүленди Түркияга тапшыруу белгисин берсе, жаңы президенттин Жакынкы Чыгыш боюнча кеңешчиси Сайгын Шимшек: «Фетуллах Гүлендин террорист экенине ишенебиз. Гүлен Түркияда жана дүйнө жүзүндө мүчөлөрү болгон жана Пенсилванияда жашаган корбашчы болуп саналат. Буга кошумча түрдө Клинтон үй-бүлөсү менен узун жылдарга созулган материалдык жана финансылык байланыштары бар. Кеминде үч жолу ал туурасында доо ачылды жана Түрк өкмөтү АКШдан жоопко тартылуу себеби менен Гүлендин тапшырылышын талап кылды. Бирок президент Обама башкаруучулугу бул талабынын бардыгын четке каккан. Ал эми урматтуу Трамп сөздөрүндө көптөгөн жолу ушул сыяктуу террордук уюмдар менен күрөшөөрүн белгилен болчу»,-деди.

Дональд Трамп президент болуп шайланган учурда шериктеш өлкөлөрдөгү адам укуктарын бузууларына кийлигишип же кийлигишпей турганы жөнүндөгү суроого жооп берип жатып да, АКШнын башка өлкөлөргө кысым кылуудан мурда өзүнүн жаңылыштыктарын түзөтүүсү керектигин айткан жана «Менин оюмча башкалардан кеп кылуу укугубуз жок. Өлкөбүздө болуп жаткандарды карасаңыздар. Бирөөлөрү полиция кызматкерлерине мыкаачылык менен ок атып жатса, кантип башкаларына сабак беребиз?»-деген эле.

Түркия-Америка карым-катнаштарына байланыштуу болбосо да Дональд Трамптын айрым саясаттарына Түркияда каршылык көрсөтүлүшү жана ички саясаттын темасы болушу да мүмкүн. Анткени Трамп шайлоо үгүттөөлөрү убагында, президент болуп шайланган учурунда мусулмандардын АКШга кирүүсүнө тыюу салаарын айткан эле.

АКШдагы мечиттердин көзөмөлгө алынышы керектигин сөз кылган Трамп, мусулмандардын коопсуздук күчтөрү тарабынан терроризмге каршы күрөшүүнүн алкагында белгилениши керектигин жактоодо.



Тектеш кабарлар